Борбор калаада Илбирс күнүнө арналган флешмоб өтөт
Бүгүн Бишкектин эски аянтында "23-октябрь - Илбирстин күнү" аталышында флешмоб өтөт. Бул тууралуу 22-октябрда Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Төлөгөн Мамасалиев билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Иш-чаранын башкы максаты илбирсти коргоо болуп саналат. Өткөн жылы Кыргызстанда ак илбирсти сактап калуу боюнча Бүткүл дүйнөлүк форум орун алган. Анда декларация кабыл алынып, форумга катышкан 12 өлкөдө 23-октябрь Ак илбирс күнү деп жарыяланган эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:39
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















