super.kg logo
  Спорт  

Жыл ичинде ири мелдештерде байге алган 39 спортчуну президент Алмазбек Атамбаев кабыл алып, акчалай сыйлык тапшырды

 

Бүгүн, 22-октябрда мамлекеттик резиденцияда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев жыл ичинде түрдүү спорт түрлөрү боюнча түрдүү мелдештерде жеңишке жетишкен спортчуларды кабыл алды. Иш-чаранын жүрүшүндө жыл ичинде мыкты жыйынтык көргөзгөн 39 спортчу жана алардын машыктыруучулары президенттин колунан акчалай сыйлык алышты. Бул үчүн президенттик фонддон 3 миллион 640 миң сом бөлүнгөн. Ал эми Азия оюндарына бөлүнгөн сумманын ичинен 4 миллион 562 сом сыйлык ээлерине тапшырылды.

Ошондой эле ФИФАнын эл аралык класстагы калысы Бахадыр Кочкаровго жана грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдештерде ийгиликтүү иштеген калыс Майрамбек Ахмедовго 100 миң сомдон ыйгарылды.

Кошумчалай кетсек, бул күнү олимпиадалык эмес спорт түрлөрүнүн ичинен эл аралык мелдештерде ийгиликке жетишкен бильярдчы Каныбек Сагынбаев, кикбоксчу Алексей Федосеев, кол күрөштө ийгилик жараткан Ольга Ярославцева жана самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунда байге алган Тилек Аманкулов да акчалай сыйлык алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: