super.kg logo
  Саясат  

“800 метр жол үчүн министрликке 800 метр кат жаздым” дейт депутат Кочкорбаев

 

Жогорку Кеңештин депутаты Абдимуталип Кочкорбаев депутаттардын суроо-талаптарына мамлекеттик органдардын жооп берүү процессине нааразы. Анын билдиришинче, парламент депутаттарынын статусун көтөрүү зарыл. Депутат министрликтердин бирине жазган катын мисал келтирди. “800 метр жол үчүн Транспорт министрлигине 800 метр кат жазып, 800 метр жооп алдым. Өз учурунда жооп беришпейт, формалдуу жооптор менен кутулушат. Жогорку Кеңештин статусу түшүп кетти. Эгер парламент депутаттарына ушундай мамиле болуп жатса, анда карапайым жарандардын абалы кандай экенин ким билет?”- дейт Кочкорбаев.

Жыйында депутаттар жарандардын кайрылууларына мамлекеттик органдардын жооп берүү мөөнөтүн 30 күн эмес, 14 күн кылууну талашып-тартышууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: