super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев спортчулардын кылмыш чөйрөсүнө аралашып жатканына нааразы

 

"Мен айтып келем, жаштар силер сыяктуу болгулары келишет. Бирок, тилекке каршы, айрымдар спортчуларды өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланып жатышат. Силер кылмыш чөйрөсүнө аралашпагыла. Спортчу өлкөнүн намысын коргоп, намыска жарашы керек. Акча табуу спортчунун иши эмес. Кримчөйрөдөн жаман акчаны алганча, ачка өлгөн жакшы". Мындай пикирди өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-октябрда спортчулар менен жолугушууда билдирди. 

Президент кылмыш чөйрөсүнө байланышкан бир мисалды айтып берди. "Жакында мага бир "кримтөбөлдү" колдоо боюнча кайрылуу жасашыптыр. Бул биздин спорт кримчөйрөнүн таасири астында экенинен кабар береби? Тиешелүү спорттук агенттик жана Олимпиада комитети буга чара көрүшү керек”,- деди ал. 

Президент бул олуттуу сөздөрүн Олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун дарегине жолдоду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: