super.kg logo

Бишкекте санитардык тазалыкка чакырган “Таза колдор” акциясы жыйынтыкталды

 
Бишкекте Дүйнөлүк таза колдор күнүнө карата жыл сайын өтүүчү “Таза колдор” акциясы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Жыл сайын өткөрүлүп келген Таза колдор күнү 13-17-октябрга чейин уланды. Анын алкагында шаардын профилактикалык-дарылоо уюмдары тарабынан оорулардын келип чыгышы тууралуу стенддер илинип, калк арасында маалыматтык-билим берүүчү иш-чаралар өткөрүлүп, санитардык-агартуучу адабияттар таратылды. Билим берүү уюмдарында, жогорку окуу жайларында жана балдардын адистештирилген үйлөрүндө балдарга колду кантип туура жууш керектиги тууралуу үйрөтүлүп, ЖОЖдордо “Сиздин саламаттыгыңыз сиздин колуңузда” деген темада лекциялар өткөрүлдү. 

Эскерте кетсек, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду 15-октябрды Дүйнөлүк таза кол күнү деп жарыялаган. Биринчи Таза кол күнү 2008-жылы БУУнун Башкы ассамблеясынын Санитар жылы жарыяланганда кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: