super.kg logo

Кадыр Маликов: “Ирак жана Левант мамлекети” кыймылы демократияга жана адилеттикке ишеничин жоготуп алган жаштарга багытталган”

 

“Ирак жана Левант мамлекети” кыймылы демократияга жана адилеттикке ишеничин жоготуп алган жаштарга багытталган”,- деди бүгүн, 22-октябрда "ИГИЛ келе жатат. Кантип Кыргызстанды исламдык ренессанстын таасиринен сактоо керек?" деген тема боюнча тегерек столдун жүрүшүндө дин боюнча адис Кадыр Маликов.

Анын айтымында, аталган уюм шарияттын мыйзамдарын бузуу менен иш-аракеттерин жүргүзүүдө. “Ал заманбап ыкмаларды колдонуп өз курамын кеңейтүүдө. ИГИЛ уюму исламга нааразычылык көрсөтүү идеологиясын тутуп жатат. Ал демократияга, адилеттикке, өз мамлекетинин бийлигине ишеничин жоготуп алган жаштарга багытталган. Уюм социалдык программаны мыкты жүргүзүүдө: социалдык мекемелерди куруп, жолдорду салып жатат. Мунун максаты - өз пикирдештеринин санын көбөйтүү”,- деди Маликов.

Мындан тышкары адис “Ирак жана Левант мамлекети” кыймылын фашизм менен салыштыруу туура эмес экенин баса белгиледи. “ИГИЛдин ыкмалары жана иш-аракеттери айырмаланат. “Ирак жана Левант мамлекетинин” арасында маргиналдык катмарларынан эмес, Гарвард жана Оксфорд жогорку окуу жайларында билим алган мүчөлөрү бар”,- деп толуктады Маликов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: