"Олимпиадага даярдоо борборунун карызы 21 миллион сомго жетти" дейт борбордун директору

Бүгүн, 22-октябрда маалымат жыйынынын жүрүшүндө Олимпиадага даярдоо борборунун директору Назирдин Акылбеков Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешовдун ишине нааразы экенин билдирип, учурда борбордун карызы 21 миллион сомго жеткенин айтты.
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Максат Кудайбердиев
"Спортчуларды мейманканага жаткыруу, алардын чет жактарга учуусу үчүн билеттер боюнча, машыгуу сборлорунда пансионаттарга карыз болуп калганбыз. Бул каражаттын көлөмү 21 миллион сомго жетти. Мына, Азия оюндарында байге алып келген Евгений Ваккерге да карызга мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бергенбиз. Бул карызды төлөшүм керек экенин айтып, менин кабинетимден эл үзүлбөй жатат. Кадырбек Эргешов болсо 4 айдан бери бул маселе боюнча ооз ача элек, эч кандай аракет көрө элек",- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.