super.kg logo
  Спорт  

Назирдин Акылбеков Дене тарбия жана спорт агенттигине спортту түшүнгөн бирөөнү шайлап берүүнү президенттен жана өкмөттөн суранды

 
Олимпиадага даярдоо борборунун директору Назирдин Акылбеков Дене тарбия жана спорт агенттигине спортту түшүнгөн бирөөнү шайлап берүүнү президенттен жана өкмөттөн суранды. Анын айтымында, учурда бул тармактагы башкаруу спорттун ишин бир топ татаалдаштырып жатат. 

"Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Кадырбек Эргешов учурда туура эмес саясат жүргүзүп жатат. Мына, Азия оюндарына барып келдик. Ал жакка мен Олимпиадага даярдоо борборунун директору катары барышым керек болчу, бирок ал мени тизмеден чийип салыптыр. Ошондой эле ал Азия оюндарынан келген соң 21 күндөн бери 3 комиссия түзүп, мени кызматтан алуунун аракетин көрүп жатат. Бул эмне деген өзүм билемдик? Бүгүн мени кызматтан алса, эртең Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Касеновду кызматтан алат. Ал учурда спорттун көйгөйлөрүн ичтен түшүнгөн жок. Андыктан президент Алмазбек Атамбаевге жана өкмөткө кайрылат элем, алдыдагы жылдарда кыргыз спортуна жеңиш керек. Ал эми спорт тармагындагы мындай башкаруу менен биз эч нерсеге жетише албайбыз. Ошондуктан спорттун көйгөйлөрүн ичтен түшүнгөн бирөөнү Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору кылып шайлап берүүнү суранам",- деди






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: