super.kg logo

Жумакадыр Акенеев: “Кыргызстандыктардын айрымдары “Ирак жана Леванта ислам мамлекети” кыймылына идеология үчүн эмес, жеңил акча табуу үчүн кошулууда”

 

“Кыргызстандыктардын айрымдары “Ирак жана Леванта ислам мамлекети” кыймылына (ИГИЛ) идеология үчүн эмес, жеңил акча табуу үчүн кошулууда”,- деди бүгүн, 22-октябрда "Кантип Кыргызстанды исламдык ренессанстын таасиринен сактоо керек?" деген тема боюнча тегерек столдун жүрүшүндө экономикалык серепчи Жумакадыр Акенеев.

Анын айтымында, ИГИЛ кыймылы өз курамын акча каражаты аркылуу кеңейтүүдө. “Айрым булактарга таянсак, бул уюмду колдоп, согуштарга катышкандарга күнүнө 800-1000 доллар төлөнүп жатат. “Ирак жана Леванта ислам мамлекети” мунай өндүрүүчү ишканаларды басып алып, мунайды арзан баалар менен сатууда. Мунун максаты – өз бюджетин толтуруп, аскерлерге кызмат үчүн акча төлөө. 

Негизинен ИГИЛ кыймылы 2006-жылы пайда болгон. Башында анын курамы бир нече жүз адамдан турган болсо, бүгүнкү күнү бул көрсөткүч жүз миңге жетүүдө”,- дейт адис.

Мындан тышкары ал аталган кыймылдын тарабында согушкан кыргызстандыктар жөнүндө да айта кетти. “Кыргызстанда маяна төмөн болгондуктан, биздин бир топ мекендешибиз акча табуу максатында бул уюмга кошулууда. Алардын айрымдарын ИГИЛдин идеологиясы көп деле кызыктырбайт”,- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: