Жалал-Абад шаарынын 137 жылдыгына карата айлананы тазалоо эстафетасы башталды
Жалал-Абадда шаардын 137 жылдыгына карата тазалык үчүн демилгеленген эстафета өз ишин баштады. Бул тууралуу 22-октябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
"Шаардагы жаштар коомунун жана КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин облустук башкармалыгынын уюштуруусу менен иш-чарага окуу жайлардын студенттери катышат.
Алар тазалоо ишин шаардын
борбордук көчөлөрүнүн биринен башташып, эстафетасын облустук телеканалга өткөрүп
беришет" деп айтылат маалыматта.
Маалыматка караганда, мындай иш-чара бир жумада бир жолу болуп, улам кийинки ишканага өткөрүлүп берилет. Керектелүүчү шаймандар мэрия тараптан берилгенин жаштар
коомунун жетекчиси Абдыманап Дыйканов айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.