Ош. Орусиялык компаниянын өкүлдөрү Кыргызстандагы кургатылган жемиштерди сатып алуу боюнча дыйкандар менен жолугушту
"Алеон" компаниясынын директору Илья Бакаренов баш болгон орусиялык делегация Ош шаарынын дыйкандары менен жолугушуп жүрөт. Дыйкандар кургатылган жемиштер жана башка өндүрүлгөн азыктарды көрсөтүшүүдө. Бул тууралуу 22-октябрда КРнын Айыл чарба жана мелиорация министринин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Орусиялык делегация 23-24-октябрь күндөрү Ош жана Өзгөн шаарларында өтө турган Эл аралык күрүч фестивалына катышышат. Фестивалга Орусия, Япония, Түштүк Корея, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан өкүлдөр катышат.
Эске салсак, кечээ орусиялык делегацияны КРнын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев кабыл алып, жолугушууда кургатылган жемиштерди Орусияга жөнөтүү маселеси талкууланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.