super.kg logo

Бишкекте студенттердин катышуусунда Илбирс күнүнө арналган флешмоб орун алды

 
Бүгүн, 22-октябрда Бишкектин эски аянтында Илбирс күнүнө арналган флешмоб болуп өттү. Иш-чараны Экосистем менен ак илбирсти сактоо боюнча глобалдык программанын негизинде Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиги, Германиянын Жаратылышты коргоо кеңеши уюштурганын министрликтин басма сөз катчысы Төлөгөн Мамасалиев билдирди.
Флешмобго Бишкектеги жогорку окуу жайлардын студенттери катышты. Иш-чаранын максаты - илбирсти коргоо, коомчулуктун көңүлүн жоголуп бара жаткан жаныбарга буруу, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга үгүттөө, жаштарды жаратылыш байлыктарын барктоого үйрөтүү. 
Өткөн жылы Кыргызстанда ак илбирсти сактап калуу боюнча Бүткүл дүйнөлүк форум орун алган. Анда декларация кабыл алынып, форумга катышкан 12  өлкөдө 23-октябрь Ак илбирс күнү деп жарыяланган эле. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: