super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Төө буурчактын баасы анын сапатына жана дүйнөлүк баага көз каранды, быйыл анын баасы 68-75 сомду түзүүдө

 

Кыргызстандык дыйкандар быйыл да төө буурчакты былтыркы баадан кем эмес сатууну максат кылышууда. Бирок бардыгы климаттык шартка, төө буурчактын сапатына жана дүйнөлүк баага көз каранды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 22-октябрда КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

20-октябрга карата 26 сатып алуучу фирма 4226,5 тонна төө буурчактын жаңы түшүмүн дүйнөнүн 12 өлкөсүнө экспортко жөнөткөн. 

Маалым болгондой, быйыл тазаланган төө буурчактын баасы 68-75 сомду түзүүдө, комбайн менен чогултулганы 60-64 сомдун тегерегинде болууда. Ал эми 2010-жылы төө буурчактын баасы 18-22 сом, жазында 28 сомго чыккан, 2011-жылы 28-30 сом болсо, жазында 35 сомду түзгөн. 2012-жылы 30-35 сомго көтөрүлсө, жаз мезгилинде анын килограммы 50 сомго чыккан. Ал эми былтыр төө буурчактын 1 килограммынын баасы күзүндө 80 сом болсо, декабрда 100 сомго чыккан. 

Төө буурчактын башка өлкөлөрдөгү баалары: 

Өзбекстанда: 1 тоннасы 850-1400 долларды түзүүдө же 1 килограммы 44 сомдон 77 сомго чейин;

Бразилияда: 1 тоннасы 500 долларды түзсө, 1 килограммы 25 сомдун тегерегинде;  

Молдовада: 1 тоннасы 1600 доллар, ал эми 1 килограммы 1,6 доллар же 80 сомдун тегерегинде.   

Эске салсак, быйыл төө буурчак өлкөнүн бар катар аймактарына эгилген. Тилекке каршы, эрте түшкөн сууктун айынан төө буурчактарын үшүк алып, айрым дыйкандар түшүм ала албай калышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: