super.kg logo

Бош жумуш орундар жарманкесинде жаштар тез татым даярдоо жана соода тармагындагы жумуштарга кызыгышты

 

Бүгүн, 22-октябрда Бишкекте Ишке орноштуруу шаардык башкармалыгынын башкы кеңсесинде бош жумуш орундар жарманкеси болуп өттү. Ага 20дан ашуун белгилүү уюмдар жана ишканалар чакырылган. Жумуш берүүчүлөр дүкөндөрдө иштөөнү, соода менен алектенүү жана тез татым даярдоочу кызматтарды сунушташты.

Жалпысынан 420га жакын жумуш издеген жаран келип, керектүү кеңеш алышты. Аларга 4 миңден ашуун бош орун сунушталды. Жыйынтыгында 80 адам жумушка жолдомо алышты.

Иш-чарага катышкандардын көбү жаштар болуп, алардын басымдуу бөлүгү соода жана тез тамак-аш даярдоо кызматына кызыкканы белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: