super.kg logo

Жалал-Абад шаарында кышында жаратылыш газы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экени айтылууда

 
Жалал-Абад шаарындагы жер үйлөрдө кышкысын жаратылыш газы өчүрүлүшү мүмкүн. Мындай билдирүүнү "Газпром-Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомунун “Жалал-Абад газ” филиалынын өндүрүштүк техникалык суроолор боюнча орун басары Дунанбай Саттаров бүгүн, 22-октябрда маалымат жыйында билдирди. 
Анын берген маалыматына таянсак, 20 миңге жакын абонентти газ менен камсыз кылып келет. Алардын ичинен 11 241 абонент көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары болуп саналат. Шартка байланыштуу кышында газ жетишсиз болсо, жер үйлөрдө газды өчүрүүгө туура келет. "Жалал-Абад газ" филиалынын карамагында 8200 жер үй бар. 
"Ошого карабай билим берүү мекемелерине жана бала бакчаларга газ үзгүлтүксүз берилет",- деп кошумчалады Саттаров.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: