super.kg logo
  Саясат  

Акыйкатчы Швециянын Кыргызстандагы элчиси Аке Петерсон менен жолукту

 

Акыйкатчы Бактыбек Аманбаев Швециянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Аке Петерсон менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда акыйкатчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууга Швеция Падышалыгынын ТИМинин Батыш Европа жана Борбор Азия департаментинин жетекчисинин орун басары Тереза Хайден да катышты. Жолугушуу учурунда Акыйкатчы институтун реформалоо, бул укук коргоо уюмунун ийгиликтери менен көйгөйлөрү талкууланды.

“Учурда биздин ондогон жарандарыбыз сот процессин айлап, жылдап күтүп, тергөө изоляторлорунда жатышат. Убактылуу тергөө изоляторунда сотту күтүп жатып алар майып болуп калган учурлар да бар”,- дейт Б.Аманбаев.

Акыйкатчы институту тарабынан даярдалган 7 атайын доклад тууралуу маалымат берип, Б.Аманбаев алардын экөөсү боюнча тегерек столдо коомдук угуулар болуп, ага расмий бийликтин, КРнын ЖК өкүлдөрү жана бардык кызыккан тараптар катышкандыгын билдирди. Тегерек столдун ишинин жыйынтыгында системдик укук бузууларды мыйзамдуу жол менен чечүү үчүн так сунуштар иштелип чыккан.

Акыйкатчы мисал катары атайын докладдардын бири камакка алуудагы жарандардын баш коргоо чараларын аныктоого арналгандыгын маалымдады. Бул көйгөй акыйкатчынын көзөмөлү астында турган өтө маанилүү маселелердин бири болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: