super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча өлкө чемпиондугунда "Дордой" менен "Абдыш-Ата" 0:0 эсебинде тең ойноду

 

Бүгүн, 22-октябрда Бишкектеги “Дордой” спорткомплексинде футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын кезектеги турунда “Дордой” менен “Абдыш-Ата” беттешип, 0:0 эсебинде тең чыкты. Биринчи таймда жогорку чыңалыштыкта өткөн оюнда мүмкүнчүлүктөр болгону менен, эсеп ачылган жок. Оюндун экинчи таймында да жогорку ылдамдык сакталып, калыс бир нече жолу жаңылууга жетишти. Алгач "Абдыш-Атанын" дарбазасына пенальти койгон калыс жардамчысынын пикирине таянып бул чечимин артка кайтырып алды. Ошол эле учурда атаандаштары менен ачык сөгүшүүгө өткөн Иван Филатовду ("Абдыш-Ата") оюндан четтетти. Арачага түшкөн Авазбек Откеев ("Дордой") да бул кырдаалда кызыл айып кагазын алып, майдандан четтетилди. 

Кошумчалай кетсек, “Дордой” 17 оюндан кийин 42 упай топтоп, мелдеште алдынкы сапта келүүдө. Ал эми “Абдыш-Ата” 17 оюнда 37 упай топтоп, 2-орунда келе жатат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: