super.kg logo

Дүйнө боюнча Эбола вирусунан каза тапкандардын саны 5 миңге жакындады

 

Дүйнө боюнча Эбола вирусунан каза тапкандардын саны 4877 адамды түзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда чет элдик маалымат каражаттары Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна шилтеме менен билдиришкен.

Маалым болгондой, эпидемиянын очогу болгон Батыш Африка өлкөлөрүндөгү оор шарттардан улам каза тапкандардын саны так эмес. 

Уюмдун өкүлүнүн айтымына караганда, жаңы вакцина Эболадан айыккан бейтаптын канынан жасалган дары “Serum” же "Сары суу" деп аталат. Ал бир нече жуманын ичинде Либерияда сатыкка чыгары маалым болду.

“Эки вакцина коркунучтуу илдет чыккан Батыш Африкада январда сыналат. Калган үч вакцина оору катталган аймактан тыш жактарда 2015-жылдын башынан тарта сыналмакчы”,- деп маалымдаган Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Мария Пауле Кайни.  

Эске салсак, аталган вирустун айынан каза тапкандардын басымдуу бөлүгү Гвинея, Либерия жана Сьерра-Леоне аймактарында катталган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.10.2014. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым сактасын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: