Баткен. Пүлгөн - Көк-Талаа унаа жолу ноябрь айында колдонууга берилет
Ош-Исфана жол куруу долбоору 2002-жылдан бери ишке ашырылып келет.


Ош-Исфана жол куруу долбоору 2002-жылдан бери ишке ашырылып келет.


Жол куруп жаткан компания Кыргызстандан тышкары Тажикстан, Пакистан, Кения, Африка, Бангладеш жана башка мамлекеттерде жол салышууда.

Жол куруп жаткан компаниянын башкы инженери Фу Жин.
Баткен облусунун Кадамжай районунда кытайлык компания тарабынан салынып жаткан Пүлгөн - Көк-Талаа унаа жолу ноябрь айында колдонууга берилет.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Фото: Максат Гапаров
Аталган жол Ош-Исфана жол куруу долбоорунун алкагында курулуп жатат. Долбоордун үстүндө иштеп жаткан компаниянын башкы инженери Фын Жунун айтымында, жолдун курулушуна Европа банкы тарабынан 9 миллион евро гранттык каражат бөлүнгөн. Жумуш 2013-жылдын март айында башталган.
Пүлгөн - Көк-Талаа жолунун узундугу 14,3 чакырымды түзөт. Жолду курууга 42 техника машиналары алынып келинип, анда жалпысынан 108 жумушчу иштейт. Анын ичинен 47си жергиликтүүлөр.
Ошол жерде иштеп жаткан жумушчулардын бири Акмат Жунушов: "Жолдун курулушу кыргыз эли үчүн абдан маанилүү. Негизгиси, жолдун сапаты жакшы. Мен өзүм Оштон каттап иштеп жатам. Ушундай долбоорлор көп болуп, башка аймактарда да жолдордун оңдолушун каалаар элем",- дейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Ibragim864

23.10.2014. 14:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак жолтой жол болсун!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.