super.kg logo

Улуттук банк: "Доллардын курсу бир гана сомго карата эмес, рубль, евро жана башка дүйнөлүк валюталарга карата өсүүдө"

 
"Доллардын курсу бир гана сомго карата эмес, рубль, теңге, евро жана башка дүйнөлүк валюталарга карата өсүүдө",- деди бүгүн, 23-октябрда маалымат жыйынында КРнын Улуттук банкынын башчысынын орун басары Нурбек Жеңиш.
Анын айтымында, эл аралык каржы рыногунда АКШ долларынын күчүнүн бекемделгени байкалууда. "2014-жылдын 1-сентябрынан бери 1 доллар 36,93 орусиялык рублдан 40,96 рублга чейин өстү. Ушул мөөнөттүн ичинде казакстандык теңге долларга карата 10 пайызга арзандады. Мындан тышкары жылдын башынан тарта доллар еврого карата 7,5 пайыз, түрк лирасына карата 4,61 пайызга кымбаттады",- деди Нурбек Жеңиш.
Айта кетсек, 2014-жылдын сентябрынын башынан тарта доллар сомго карата 5,87 пайызга өсүп, 52,95 сомдон 56 сомго чейин жогорулаганы белгилүү болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: