super.kg logo
  Саясат  

Абдырахман Маматалиев Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү менен аймактык коопсуздукту талкуулады

 

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев БУУнун башкы катчысынын атайын өкүлү Мирослав Енчаны кабыл алды. Жолугушууда вице-премьер уюмдун өкүлүнө өлкөдөгү коомдук жана саясий кырдаал, укук коргоо жана сот тармагында жасалып жаткан реформалар, 2015-жылкы парламенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүүгө даярдыктар тууралуу маалымат берди. Коалициялык күчтөрдүн Ооганстандан чыгарылышына байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрү үчүн жарандык жана улуттар аралык каршылашуунун күчөшү тууралуу маселе курч экенин белгиледи. “Аталган көрүнүштүн жагымсыз жагы катары бийликке талибдер келип, анын терс таасири Борбор Азия мамлекеттерине тийиши мүмкүн. Тобокелдиктердин катарына аталган аймактарда согуш аракеттеринин, жарандык согуштун жайылышы кирет. Ооганстандын аймагынан качкындардын массалык түрдө агылышы да мүмкүн",- деди Маматалиев.

Өкмөт өкүлү БУУ тараптан берилген көмөк чек ара, картографиялык жана башка кызматтарга карата, ошондой эле чектеш райондордун калкынын турмушун жакшыртууга багытталышы туура экенин кошумчалады. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: