super.kg logo
  Саясат  

Ирина Карамушкина "Экстремизм, радикалдашууга каршы аракеттенүүдө аялдардын ролун жогорулатуу" конференциясына катышты

 
Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ирина Карамушкина 21-22-октябрда Вена шаарында өткөн «Терроризмге алып келчү экстремизмге жана радикалдашууга каршы аракеттенүү ишинде аялдардын ролун жогорулатуу» эл аралык конференциясына катышты.

Иш-чарага бир катар өлкөлөрдүн бийлик органдарынын өкүлдөрү, терроризмге каршы күрөшүү боюнча адистер, илимий жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Катышуучулар гендердик-сезимтал мамиле жасоо жана адам укуктарын сактоо аркылуу терроризмди жоюу боюнча алдынкы тажрыйбалардын мисалында террористтик максаттагы аялдардын радикалдашуусунун өсүү деңгээлин талкуулады.

Депутат И.Карамушкина конференцияда: "Кыргызстандыктарды Сирияга жөнөтүп жаткан учурлар арбып бараткандыктан, радикалдык идеялардын жайылып жатышынан улам укук коргоо органдары менен улуттук коопсуздук органдары өлкөнүн бардык аймактарында жалдоо аракеттерине бөгөт коюу чараларын көрө баштады. Алсак, милиция тармагында кошумча аялдарды кызматка алуу чаралары каралган реформалар ишке ашырылууда. Калк арасында мамлекеттик эмес тармактын өкүлдөрү менен бирге түшүндүрүү иштери жүрүгүзүлүп жатат",- деди. 

Ошондой эле Жогорку Кеңештин террористтик жана экстремисттик кылмыштарды жасагандыгы үчүн жаза механизмдерин күчөтүүгө багытталган иштерин айтып, «Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө», «Экстремисттик иштерге каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөр киргизилип жатканын билдирди. 

Диний экстремизм менен күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында, Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 2014-жылдын 17-ноябрында Ош шаарында ЕККУнун Бишкектеги борборунун «Кыргызстандагы парламентаризмге көмөк көрсөтүү» долбоорунун колдоосу менен «Диний экстремизмге жана эл аралык терроризмге каршы аракеттенүү» темасында көчмө жыйын өткөрүү иштерине даярдык көрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: