super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар ашууда дайынсыз болуп жаткан 2 адамды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги издебей койгонун айтышты

 

Жогорку Кеңештин 23-октябрдагы жыйынында депутаттар 8-октябрда ашууда дайынсыз жоголушкан Сузак районунун тургундары Мурзалим Сариков менен Арипжан Маматалиевди издөө иштери токтоп калганын айтышты. Алардын айтымдарында, жоголгондорду жакындары гана издеп жатышыптыр. “Туугандары бизге арызданып жатышат, “ӨКМ издөөнү токтотуп койду” деп. Кыш келгенче аларды таап алышыбыз керек”,- дешти.

Айта кетсек, буга чейин Ак-Талаа районунун Көк-Суу жайлоосунда 7 чабандын 2000 баш кою менен ашууда калганы айтылган. Ал эми ашууда дайынсыз болуп жаткан Мурзалим Сариков менен Арипжан Маматалиев аларга жардам берүүгө барып, ошол бойдон дайыны чыкпай жаткан. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 20-октябрдагы буйругу менен эки жаранды издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМга 100 миң сом бөлгөн. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: