super.kg logo
  Саясат  

Парламентте Равшан Жээнбеков менен Темир Сариевдин ортосунда түшүнбөстүк чыкты

 

Жогорку Кеңештин 23-октябрдагы жыйынында экономика министри Темир Сариев менен депутат Равшан Жээнбековдун ортосунда түшүнбөстүк чыкты. Пикир келишпестик министрдин быйыл өлкөгө канча завод курулганын билбей калышынан улам келип чыкты. Кайым айтышуу төмөнкү сөздөр менен коштолду: 

Депутат: - Быйыл келген инвестицияларга заводдор курулганын айттыңыз, кайсы жерлерге курулду? Атап бериңизчи?

Министр: - Курулуп эле жатат, азыр алардын баарын айтып бере албайм.

Депутат: - Курулгандарынын айрымдарын болсо да айтсаңыз?

Министр: - Мен азыр айта албайм, сизге керек болсо жазуу жүзүндө берейин.

Депутат: - Инвестицияларды түздөн-түз көзөмөлдөгөн министр катары ушуну билбейсизби?

Министр: - Бул жерге отуруп алып "Ушуну да билбейсизби?" деп тыңсына бербегиле. Мунун баарын жаттап алмак белем? Же сиз министр болуп турганда жаттап алчу белеңиз?

Депутат: - Мен жаттап алчумун.

Министр: - Билем кайсы акчаны кайсы чөнтөккө салганыңызды...

Экөөнүн айтышын токтотууга эч ким аракет кылган жок. Мындан кийин суроо-жооп орун алып, аягында депутат: "Менин дарегиме абдан катуу сөз айттыңыз. Сизге сунуш: парламентке келерде маселеге даярданып келип жүрүңүз",- деди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: