Оштогу Барсбектин эстелиги унаа тыгындын жаралышына себепкер болгону коомчулукта талкууга алынды



Оштогу Барсбектин эстелиги унаа тыгындын жаралышына себепкер болгону коомчулукта талкууга алынды (Сергей Новиков тарткан сүрөт).
Ош шаарындагы экс-мэр Мелис Мырзакматов мэрлик кылган учурда Кулатов менен Айтиев көчөсүнүн кесилишине курулган айланма жолдогу Барсбек кагандын эстелиги 3 күндөн бери коомчулуктун талкуусунда калды. Тактап айтканда, 21-октябрь күнү Ош шаарында өткөн ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин көчмө жыйынында ЖКнын депутаты Жусупали Исаев: "Мен өзүмдөн мисал келтирейин, өткөндө аэропорттон келе жатып эстелик турган айланмадан бир саат дегенде араң өттүк. Мурда андай тыгын жок эле го. Негизи, ошол айланманы куруунун кажети бар беле?"- деген.
Автор: Айсана Паизова
Ал эми жергиликтүү бийлик жолду кеңейтүү боюнча чара көрүлөрүн айткан. Бул боюнча коомчулукта түрдүү кептер тарап, "Мырзакматовдун жасаган ишинен кемчилик табууну көздөшүүдө" деген сөздөрдү айтышууда. Эскерте кетсек, Барсбек кагандын эстелиги 2011-жылы курулуп, жергиликтүү бюджеттен 11 миллион сом бөлүнгөн болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Кундо ошол жолдон откон адам.
2-ден:ал жерде автотыгын белгиленген убактарда болот, ошол убакта эмне учун ЖКК (МАИ) кызматкерлери турбайт?
3-дон:жолдун чекесиндеги сатылып кеткен жерлер- жеке контейнерлерди алышсын, автотыгынга айландырган дардын эн биринчи себепкерлери, куноокорлору ошолор.Бышкан ашка жечу коп, буткон ишке сынчы коп болбой, жасагыла башка жумушту(колунардан келсе)
Кемсинтип, мазактоого тыюу салынат.
Оздору колунан эч нерсе келбеген сон, эл учун эч бир корунуктуу кызмат аткара албаган сон бир аз ойлонуп соз суйлошсо болмок.