super.kg logo

Курулуш ишканасынын башчысы "Көчмөндөр оюндары өткөн ат майданды оңдоодо даяр долбоор жок болчу, муну бийлик өкүлдөрү түшүнгүлөрү келбей жатышат" дейт

 
Бүгүн, 23-октябрда өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө Көчмөндөр оюндары өткөн ат майданды оңдоп-түзөө иштерин моюнга алган "Темир-Канат" ишканасынын директору Эркинбек Меркенбаев мындан ары мамлекеттик жоопкерчиликти албай турганын айтты. "Бизге мамлекет тарабынан заказ берилип жаткан соң даяр смета, долбоор берилиши керек болчу. Бирок биз ишти баштаганда мунун бири жок эле. Алгач ат майданын 5 миң кишиге тууралоону чечип, анан кайра бул чечимден баш тартканбыз. Ат майдан 7 миң кишиге туураланды. Бул үчүн көп каражат сарпталды. Ошондой эле 52 күн ичинде ишти шашылыш бүтүрүү үчүн бизге кошумча техникалар, кошумча кызматкерлер керек болду. Муну айрым чиновниктер түшүнгүлөрү келбей жатышат. Алар "жумуш 50 миллион сомго бүткөрүлгөн, силер 20 миллион сомду өзүңөргө алып алдыңар" дешүүдө. Ошол эле учурда курулушка 300 тонна металл колдонулса, алар 120 тонна колдонулду деп жатышат",- деди ал. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: