super.kg logo

Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

 

Эртең, 24-октябрда аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүндөгү №14-көп кабаттуу үйдө, Кара-Жыгач конушунда №158, 2488, 2050, 2551, 2801, 2120, 2802, 2454-чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Ал эми Нарвская, Ильменская, Ленинская, Абдраев, Дэн Сяопин, Казаков, Средний, Варшавская, Республиканская, Пётр Багратион, Минская, Мурманская, Тираспольская, Абаканская, Абдыкадыров, Леваневског, Ногин, Серов, Курганская, Күрөңкеев, Орозбеков, Кузнечная, Будённый, Матросов, Дружба көчөлөрүнө жана Смоленский, Данский, Кузнечный тар көчөлөрүнө "акылдуу" эсептегич орнотулат, буга байланыштуу жарык өчүрүлөт.

Мындан тышкары Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Воронцовка, Байтик, Таш-Мойнок, Кара-Жыгач, Виноградное, Полевое, Октябрьское, 1-бөлүм, Мраморное, Озёрное, Теңдик, Лесхоз, Рассвет айылдарында жана МТФ-2, Чүй районуна караштуу Искра, Мээнеткеч, Алга, Калыгул, Бурана, Жаңы-Жол, Интернат, Он-Бир-Жылга, Маданият, Прогресс, Шамшы, Калиновка, Чоң-Жар, Кайырма айылдарында жарык өчөт.

Ошондой эле Москва районуна караштуу Беш-Терек айылында, Беловодск айылынын түштүк тарабында жана борборунда, Романовка айылынын батыш тарабында жана Сокулук айылынын чыгыш тарабында;

Жайыл районунун Кара-Балта (“Жайыл” базары, Ломоносов, Лермонтов, Оборонная, Кожомбердиев, Олимпийская, Учительская көчөлөрүндө) шаарында, Токмок шаарынын Октябрьская, Заводская, Путейская, Кошилова көчөлөрүндө аба чубалгыларын оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: