Эрлан Абдылдаев БУУнун өкүлү Мирослав Енча менен аймактардын коопсуздугун талкуулады



Бүгүн, 23-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын атайын өкүлү Мирослав Енчаны КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка караганда, жолугушууда Борбор Азиядагы мамлекеттердин кызматташтыгын бекемдөө, БУУнун колдоосу жана бул жаатта көрсөткөн ролу талкууланды. Ошондой эле Кыргызстан менен БУУнун кызматташтыгы, Ооганстандагы кырдаалды эске алуу менен борбор азиялык чөлкөмдөгү кырдаалдын азыркы абалы жана келечеги каралды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

