Коргоо министрлигинде жана Ички иштер министрлигинде алдынкы спортчулар штатка кирип, аскердик чинге ээ болушу мүмкүн
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги учурда Коргоо министрлиги жана Ички иштер министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өтүп, долбоор ишке аша турган болсо, Кыргызстан курамасындагы спортчулар аталган министрликтердин алдында түзүлгөн штатка кирип, аскердик чинге ээ болушат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган агенттиктин директору Кадырбек Эргешов билдирди.
Автор: Максат Кудайбердиев
Анын айтымында, спортчулар өлкө чемпиондугунда аталган министрликтердин атынан чыгышат. Ошондой эле бул мекемелер спортчулар үчүн айлык карап беришет. Буга кошумча Дене тарбия жана спорт агенттиги спортчуларга стипендияны үзбөй берүүнү уланта берет. "Бул спортчуларыбыз үчүн жакшы практика болмок. Алар аскердик чин алып, убакыттын өтүшү менен чиндерин жогорулата беришмек",- дейт К.Эргешов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.