Ош шаарындагы бала бакчалар газ баллондор менен камсыздалып, кошумча от казандар курулду
Ош шаарындагы 32 мамлекеттик, муниципалдык бала бакча тамак бышыруу үчүн суюлтулган газ баллондор менен камсыз болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
“Бала бакчалардын сыртына экиден газ баллон орнотконбуз. Алардан атайын куур аркылуу ашканага киргизип иштетишет. Бул жерде жарылып кетүү коркунучун эске алып ушундай кадамга бардык”,- дейт Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев.
Мэрдин айтымына караганда, көгүлтүр от менен камсыз кылууда балдардын коопсуздугу эске алынган. Андан сырткары ар бир мамлекеттик бала бакча мэриянын тийиштүү мекемелер тарабынан кошумча отундар менен камсыздалып, от казандары курулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Сурооңузга жооп алып бергенге аракет кылабыз. Бирок сиз тагыраак жаза аласызбы? Кайсыл балдар бакчасы? Ким чогултуп жатат? Канчадан?
Эгер бул жакка жаза албасаңыз, мага купуя кат аркылуу жиберсеңиз.