super.kg logo

Борбор калааны суу менен камсыз кылууну жакшыртуу долбоору 2015-жылы жайында аяктайт

 
Борбор калааны суу менен камсыз кылууну жакшыртуу долбоорунун 4 багыты аяктады. Ал эми калган эки багыты 2015-жылдын июнь айында аяктайт. "Бишкек суу-канал" башкармалыгы долбоорду ишке ашыруу үчүн алынган насыяларды жабуу аракетин көрүүдө. Насыя катары берилген инвестициянын жалпы суммасы 10,386 миллион еврону түзөт. Бул тууралуу 24-октябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка караганда, 2009-жылы Европа өнүктүрүү банкы менен кыргыз өкмөтү Бишкек шаарын суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча макулдашуу түзгөн. Долбоордун алкагында колдонулуп жаткан суу менен камсыз кылуу, инфраструктураны жакшыртуу, жабдууларды жаңылоо, эсптегичтерди орнотуу, суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө каралган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: