super.kg logo

Өзгөндө алгачкы жолу Күрүч фестивалы өтүүдө

 

КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин демилгеси, ошондой эле бир катар эл аралык уюмдардын колдоосу менен Өзгөн шаарында Күрүч фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Күрүч фестивалы Борбор Азияда алгачкы жолу өтүүдө. КРнын Айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиевдин айтымында, бул иш-чаранын негизги максаты – күрүч өстүрүү чарбасына, дегеле күрүч өстүргөн дыйкан-фермерлердин маселесине, кыргыз жеринде өндүрүлгөн күрүчтүн түрү менен сапатына коомчулуктун көңүлүн буруу.

Фестивалга катышып жаткан мамлекеттердин өкүлдөрү күрүчтөн жасалган тамак-аштын түрүн тартуу кылышат жана өз өлкөсүндө күрүч кандай өстүрүлөт, канча түрү бар бар жана аларга кандай техникалар тартыларын айтып беришет.

Ошондой эле күрүч талаалары менен тегирмендери иш жүзүндө көрсөтүлөт. Жергиликтүү эл күрүч өсүмдүгүн өстүрүү жана жыйнап алуунун илгертен келе жаткан салттарын оюн-зоок аркылуу чагылдырат. Иш-чара илимий-практикалык, маданий программалар менен коштолмокчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
25.10.2014. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өзгөн күрүчүн сагындым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: