Бишкектеги жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоочу пункттар (инфографика)
Бишкек шаарында жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо иштери уланууда. Мамлекеттик каттоо кызматынын билдиришинче, борбор шаарда бир күндө (20-октябрда) 2 миң жаран өзүнүн биометрикалык маалыматтарын беришти. Бишкектин 4 районунда атайын пункттар иштеп жатат, даректери төмөндө.
Айта кетсек, өкмөт жарандардын биометрикалык маалыматтарын бирдиктүү маалымат базасына чогултуу акциясын 2015-жылдын жай айында бүтүрүүнү пландоодо. Өлкөдө 3 миллион 880 миң жарандан биометрикалык маалымат топтолмокчу. Адистер мунун артыкчылыгы шайлоолорду таза, ачык-айкын өткөрүү, мамлекеттин ички коопсуздугун камсыз кылуу экенин айтышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















