Ош. Имамдардын билим деңгээлдерин жогорулатууга багытталган иштер жүрүп жатат
Ош облустук мусулмандар казыяты Кара-Кулжа районундагы “Шарип-Ата” медресесинде айыл аймактын жооптуу имамдары менен биргеликте жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.
Жолугушууда имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу, эл алдында алардын кадыр-баркын көтөрүү жана каттоодон өтө элек мечиттерди тез аранын ичинде каттоодон өткөрүү маселелери каралды.
Облус казысы Ниязалы ажы Арипов коомчулук менен тыгыз мамиледе иштөөдө жана жарандарга таалим-тарбия, туура багыт берүүдө имамдардын орду жогору экенин белгилеп өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:39
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















