super.kg logo

Мыйзамсыз менчиктештирилген 60тан ашуун объект жана 181 жер тилкеси прокуратура тарабынан мамлекетке кайтарылып берилди

 

Прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жана козголгон кылмыш иштеринин алкагында 2011-2014-жылдар аралыгында республика боюнча жалпысынан социалдык, турмуш-тиричилик жана спорттук 61 объект мамлекеттин карамагына кайтарылып берилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, прокуратура тарабынан аталган убакыт аралыгында муниципалдык жана мамлекеттик менчикке 181 жер тилкеси кайтарылган. Ошондой эле мыйзамсыз менчиктештирилип, кайра мамлекеттин карамагына кайтарылган имараттардын 49у бала бакчалар, 6 медициналык имарат, 1 кесипчилик окуу жайынын имараты, 2 административдик имарат, 2 кызматтык квартира; 1 жылкылары менен кошо кайтарылган аткана.

Ал эми бул имараттар республика боюнча төмөндөгүдөй санда: Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан – 21; Ысык-Көл облусу – 6; Жалал-Абад облусу – 7; Нарын облусу – 5; Талас облусу – 5; Ош облусу – 6; Баткен облусу – 5 жана Ош шаары – 4; Бишкек шаары – 2 объект.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: