super.kg logo

Муфтий менен Бишкектин мэри борбордогу курулуп жаткан ири мечиттин айланасындагы маселелерди талкуулашты

 

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун алкагында мэр борбордо курулуп жаткан жана көлөмү боюнча Орто Азиядагы эң ири мечиттердин биринин курулушу менен жакындан таанышып, курулуш жаатында эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

КМДБнын курулуш бөлүмүнүн башчысы Таалайбек ажы Назылбеков азыркы учурга чейин аталган мечиттин  генералдык планы бекий электигин айтты. Ошондой эле унаа токтоочу жайлардын тардыгын, курулуштун айланасындагы жеке менчиктердин бир катар тоскоолдуктары бар экенине токтолду. 

“Курулуп жаткан мечит Кыргызстандагы эң ири курулуш болуп саналат. Бул кыргыз элинин бирден-бир маданий баалуулугу”,- деп белгиледи мэр. 

Ошондой эле Кубанычбек Кулматов бул маселе боюнча колдон келген жардамын аябай турганын билдирип, жакынкы күндөрү курулуп жаткан борбордук мечиттин курулуш иши менен жеринен таанышып чыгарын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.10.2014. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кубанычбек Кулматов мырза,Жоомарт Оторбаев мырзага мечитте журом деп айтып койбопсузда,жардамчыныз чогулушта сизди ооруп жатат деп жалган суйлоптур.
Dadin1 түзөттү 24.10.2014 19:30
25.10.2014. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маш Аллах башталган иштин онунан бер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: