super.kg logo
  Саясат  

Өлкө башчы дипломаттарды 70 жылдык мааракеси менен куттуктады

 

Бүгүн, 24-октябрда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өлкөнүн дипломатиялык кызматынын кызматкерин 70 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын ардагерлери жана кызматкерлери!

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм!

Кыргыз дипломатиясы көп кылымдарды карытты. Кыйынчылыктарга жана сыноолорго карабастан, ата-бабаларыбыз бардык курч маселелерди сөз менен, макулдашуу аркылуу чечип келишкен. Кылымдар бою акылман элибиз эркиндикти бекем тутуп, коңшулар менен тынчтыкта жанаша жашап, мамлекеттүүлүгүн сактап келген.

Өлкөбүздүн жана кыргыз дипломатиясынын тарыхында даңктуу окуялар болгон, даңазалуу инсандар өткөн. Кыргызстандыктар улуттук кызыкчылыктарды коргоого, кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө салым кошкон инсандарды эч качан унутпайт.

Дипломатиялык кызматтын өкүлдөрү улуу муундун салттарын сактап, аны улантат, бардык мүмкүнчүлүктөрүн тышкы саясий маселелерди натыйжалуу чечүү үчүн колдонот. Өлкөбүздү ырааттуу өнүктүрүүгө жана социалдык-экономикалык жактан өсүшүнө шарттарды түзөт. Мекенибизге берилип жакшы кызмат өтөйт деп терең ишенем. Азыркы шарттарда өлкөбүздүн келечеги жана ийгиликтери көбүнесе эгемендүү Кыргызстандын дипломаттарынын эмгегине жараша болот.

Сиздерге чың ден соолук, ишиңерге ийгилик, жакшы идеяларды жана аларды ишке ашырууда жигердүүлүктү каалайм. Бакыт-таалайлуу болуп, үй-бүлөңүздөр менен бакубатчылыкта жашагыла”.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: