Ош шаарында социалдык жактан муктаж 240 үй-бүлөгө Беларустан алынып келинген газ баллондор тапшырылды
Ош шаарындагы 240 аз камсыз болгон жана муктаж үй-бүлөлөргө газ баллондор берилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Беларустан алынып келинген газ баллондорду өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиев жана Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев тапшырды.
Жалпысынан Ош шаарындагы 5226 социалдык жактан муктаж болгон жарандарга электр мештери жана газ баллондор берилмекчи.
“Газ баллондор 1775 аз камсыз болгон үй-бүлөгө таратылып берилет”,- деп белгилешти басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Гулжигит

24.10.2014. 18:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чон рахмат Лукашенко жана Бакиев!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.