Ош. Сабак учурунда бут кийимди алмаштырып кийген мектепте 1700дөн ашуун окуучу билим алат
Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы №26-орто мектептеги башталгыч класстын окуучулары мектептин ичинде үйлөрүнөн кийип келген бут кийимдерин чечип, жеңил бут кийим кийип жүрүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда аталган мектептин директору Рахматулла Мерзадаев билдирди.
Автор: Айсана Паизова
Фото: Айсана Паизова
Анын айтымында, балдардын организми ооруларды бат кабыл алуучу учур болот. Ошондуктан окуучулардын ден соолугун сактоо үчүн ушул жол тандалган. "Биздин мектеп 950 окуучуга ылайыкташкан, бирок 1754 окуучу билим алат. Алар 3 нөөмөт менен окуп келишкен. Быйылкы окуу жылында бул көйгөйдү чечүүгө Борбордук Азиянын Евразия фонду жардам көрсөтүп, коридорлорго кошумча окуу бөлмөлөрүн ачып беришти. Учурда балдар эки нөөмөттө окуп жатышат",- деди мектеп директору.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:39
2025-11-06
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Мен биринчи жолу угуп жатам )))))))