super.kg logo
  Саясат  

Баткенде чек арачыларга турак үйлөрдүн ачкычы берилди

 

Жаңы турак үйдүн ачкычтарын алганына байланыштуу КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев Баткен облусунун Лейлек районундагы Исхак Раззаков атындагы чек ара бөлүмүнүн аскерлерин куттуктады. Бул тууралуу 24-октябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

“Май айында Чек ара кызматынын тарыхында биринчи жолу Бишкектеги аскерлерге батирлердин ачкычын тапшырдык. Июль айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине турак үйлөр берилди. Август айында да аскер кызматкерлери үйлүү болушту. Бул жакшы тенденция Кыргызстанда аскер кызматчыларына социалдык колдоо көрсөтүлө баштаганын түшүндүрөт" деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

"Силер жоопкерчиликтүү кызматта иштеп келесиңер. Катаал шартта, алыскы аймактарда күнү-түнү кызмат өтөйсүңөр. Силер менен бирге ошол кыйынчылыкты үй-бүлөңөр да баштан өткөрөт. Силер мунун баарын мекендин, элдин коопсуздугу үчүн жасап жатасыңар",- дейт өлкө башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: