Мамлекеттик ишмер, маркум Казы Дыйканбаевдин 100 жылдыгына арналып конференция өтөт
Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылынын алкагында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Казы Дыйканбаевдин 100 жылдыгына арналган республикалык илимий-практикалык конференция өтөт. Иш-чара 27-октябрда Тышкы иштер министрлигинин К.Дыйканбаев атындагы Дипломатиялык академиясында орун аларын аталган министрликтен билдиришти. Конференцияга өкмөт өкүлдөрү, Кыргызстандын көрүнүктүү илимпоздору, К.Дыйканбаевдин жакындары жана санаалаштары, Дипломатиялык академиянын окутуучулук курамы, магистранттар, угуучулар жана башкалар катышат. Андан тышкары музей бурчу, сүрөт көргөзмө жана мамлекеттик ишмердин басып өткөн жолу тууралуу даректүү тасма көрсөтүлөт.
Эскерте кетсек, К.Дыйканбаев 2010-жылдын 16-февралында 97 жашында көз жумган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

