super.kg logo

Эрте чоңойгусу келген баланын кыялын орундаткан "Балакай" аттуу үй-бүлөлүк кинокомедия элге тартууланды

 
Фильмдин режиссёру Мирлан Абдулаев.
Тасмадагы башкы каарман Адилхан Нурлан уулу.
Тасмада актриса Асел Чоткараева кичинекей баланын апасынын ролун аткарыптыр.

Бүгүн, 25-октябрда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде актёр Мирлан Абдулаев режиссёрлук кылган “Балакай” аттуу тасманын бет ачары болду. Аталган фильмде Илим Калмуратов, Болот Тентимишев, Марат Козукеев, Камчы Сарыбаев, Асел Чоткараева, Адил Кайыпов өңдүү белгилүү актёрлор роль жаратышса, кичинекей каармандын образын Адилхан Нурлан уулу ачып берген. 

Бул үй-бүлөлүк кинокомедия эрте чоңоюп, өзүнчө жыргап жашагысы келген Нурсултан аттуу кичинекей бала тууралуу тартылган. Бардык кызыктар кыялкеч, тестиер баланын чоң кишиге айланып калуусунан башталат. Анда башкы каарман жаңы келбети менен убактысын көңүлдүү өткөрүп жүрүп, кийин чоң адамдарга тийиштүү кыйынчылыктарга туш болот. 

Ал үйсүз, ачка калбаш үчүн жумушка орношот. Бул учурда аны ата-энеси издесе, чоңойгон Нурсултанды эч ким тааныбагандыктан, үйүнө кайтып бара албай кыйналат. Ата-эненин кучагындагы жашоо эң эле сонун экенин сезген ал баары мурдагыдай болуусун самайт. Анткен менен алдыда аны көңүлдүү, кызыктуу окуялар жана түйшүктүү сыноолор күтүп турат.

Буга чейин тасмалардын көркүн ачып, образдарды катыра аткарып келсе, бул сапар биринчи жолу режиссёр болгон Мирлан Абдулаев: “Мен көптөн бери режиссёр болууну каалап, бул кыялды ичимден бышырып жүрчүмүн. Тасма айдыңында да көп иштеп, тажрыйба топтоп, биринчи тасмамды сунуштап отурам. Бул фильмдин идеясы өзүмө таандык, сценарийин КВНдин оюнчулары жазып беришкен. Тасманын сюжети менен чоңойгондун, байыгандын, бир сөз менен айтканда, баарынын өз учуру бар деген түшүнүктү жеткирүүнү максат кылгам. Фильм баш-аягы 20 миң долларга тартылды”,- дейт.

Ал эми бул фильмде башкы каармандын ролун жараткан Адилхан Нурлан уулу: “Мирлан байке экөөбүз "Курманжан датка" тасмасында таанышканбыз. Ошондо мени өзүнүн тасмасына тартам деген. Актёр болуу менин башкы максатым, анан да эл көзүндө жүрүп, популярдуу болгонду жактырам. Тартуу аянтчасында "аттан өзүң кулайсың" дегенде жүрөгүм түштү. Бирок ал учурду каскадёр аткарды”.






Көрүүчүлөрдү жашыткан "Балакай" тасмасы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(6)
25.10.2014. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Большой" деген америкалык тасманын кыргызча ремейки экен.
SUPER.KG видео
28.10.2014. 04:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кино,кайгылуу дагы жана кулкулуу экен деп айтып жатышпайбы. Ал кыз ошол кадрларды эстеп кеткендир.
SUPER.KG видео
28.10.2014. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жанылык экен.
SUPER.KG видео
28.10.2014. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Техниканын жетишсиздигинен режиссердун берейин деген оюу супсак болуп калган.
SUPER.KG видео
28.10.2014. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвага да коюнуздарчы
SUPER.KG видео
29.10.2014. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
20миң өтө эле көп го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: