super.kg logo

27-октябрда Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

 
2014-жылдын 27-октябрында аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка (Набережная, Чүй, Нарын, Манас көчөлөрүндө) Маевка, Полевое, Виноградное, Октябрь, 2-бөлүм, Мраморное, Озёрное, Лесхоз, Рассвет, Көк-Жар (Коңур Осмон, Эгинбаев, Үмөталиев, Маликов, Достук, Матыев, Нурмамбетов, Арпачиев, Полевая көчөлөрүндө) айылдарында, Кырман, Учкун, Теңдик конуштарында, МТФ, МТФ-2де жарык өчөт.

Ошондой эле Панфилов районуна караштуу Вознесеновка, Эркин-Сай, Тельман, Кум-Арык, Букара, Эфиронос, Приходька айылдарындагы “Башкы”, “Бирлик”, “Беш-Күнгөй”, “Орто-Алыш”, “Лебединовка”, “Тепличная”, “Ленин”, “Карл Маркс”, “Кара-Жыгач”, “Орок”, “Төмөнкү Ала-Арча”, “Бирлик” көмөк чордондорунан тараган аба электр чубалгылары оңдолот. Буга байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: