super.kg logo

Бишкекте Баткен окуясы эскерилди

 

Бүгүн, 26-октябрда “Аскердик каармандык” монументинин жанында 1999-2000-жылдарда өлкөнүн бүтүндүгүн коргоодо аскердик милдетин аткарып жатып курман болгон жоокерлерди эскерүү митинг-реквиеми болуп өттү. Ага Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы, генерал-майор Асанбек Алымкожоев, КРнын Коргоо министри, генерал-майор Абибилла Кудайбердиев, жоокер-баткенчилер, курман болгондордун ата-энелери жана жакындары катышышты.

“Ошол окуяда менин балам да каза тапкан. Бүгүн аны эскерүү үчүн келип отурам. Эми согуш болбосун, ушул акыркысы болсун. Ата-эне, жубайлар, балдар сыздабасын”,- дейт Баткен окуясында каза болгон Замирбек Күчөрбаевдин апасы Токтокан Дайрабаева.

“26-октябрь Баткен окуясында курман болгон жоокерлерди эскерүү күнү болуп эсептелет. Ушул күндү экинчи жылы белгилеп жатабыз. Кыргызстандын бардык аймактарынан делегациялар келишти. Согуш болбосун. Биз мекенди коргогонго, сактаганга дайым даярбыз”,- дейт Баткен согушунун катышуучуларынын республикалык комитетинин төрагасы Сатыбек Молдалиев.

Митинг-реквиемден кийин И.Панфилов атындагы эс алуу багында Баткен окуясынын 15 жылдыгына арналган концерт уюштурулуп, митингдин катышуучуларына жана меймандарга жоокер боткосу берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: