Бишкекте ылдамдыкты сүйүүчүлөр үчүн стандрайдинг боюнча Европа чемпиондору мотоциклде шоу көрсөтүштү




















Бишкектеги "Жеңиш" аянтында 26-октябрь күнү ылдамдыкты сүйүүчүлөр үчүн стандрайдинг боюнча Европа жана Орусия чемпиону, экстремалдык фристайлер Лаурис Клебахас, Янис Розитис мотоциклде шоу көрсөтүштү. Ошондой эле шаардык деңгээлде унаа жарыш өтүп, катышуучулар алдын ала даярдалган тоскоолдуктарды айланып өтүштү. Автослалом боюнча жарышка 8 унаа катышты. Финалга Алексей Веденеев менен Андрей Батурин чыгып, №2-Субару унаасын айдаган Андрей Батурин атаандашын 2:1 эсебинде жеңип алды.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Фото: Айпери Ганыжан кызы
Иш-чараны Орусиянын Мотоцикл федерациясы, Кыргызстандагы "Ява Мотюль" мотор майлар компаниясы Бишкек мэриясынын колдоосу менен уюштурду. Бул 2014-жылдын аралыгында 7 мамлекетте (Польша, Болгария, Латвия, Орусия, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстан) өтүп жаткан турненин алкагында өттү.
Стандрайдинг - англис тилинен которгондо "кыймылда жүрүп трюк көрсөтүү" дегенди түшүндүрөт. Башкача айтканда, мотоцикл айдоочуларынын кыймылда баратып бийлегени, трюк көрсөткөнү. 2013-жылы стандрайдинг Эл аралык мотоспорт федерациясы тарабынан спорттун бир түрү катары жарыяланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:53
2025-08-04
Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.