Бишкекте Жаштар күнүнө карата бир учурда 35 түгөй үйлөнүү тоюн өткөрөт
Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, 10-ноябрь - Жаштар күнүнө карата 13-ноябрда Бишкек шаарында бир учурда 35 түгөй үйлөнүү тоюн өткөрөт. Үйлөнүү тойдун ачылышы "Ала-Тоо" аянтында башталып, шаарыбыздын ресторандарынын биринде эстрада жылдыздарынын катышуусунда жыйынтыкталат. Кошумчалай кетсек, үйлөнүү той Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлигинин демилгеси жана колдоочулардын жардамы менен бекер өткөрүлөт. Аталган иш-чарадан фото жана видеорепортажды www.super.kg сайттан көрө аласыздар.
Автор: Айдай Асанбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:37
2025-11-20
13:32
2025-11-17
10:50
2025-11-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















