super.kg logo

Кара-Балта шаарында диний комплекстин курулуш иштери башталды

 

Кара-Балта шаарында ислам комплексинин курулуш иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда муфияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, ислам комплексинин курулушуна мектеп, медресе жана мечит кирмекчи.

“Бул курулуш Кара-Балта шаарынын тургундары үчүн чоң жетишкендик, себеби балдарыбыздын ыйман жолуна түшүп, татыктуу таалим-тарбия алышына себепкер болсо, ал эми чоңдорубуз үчүн руханий баалуулугубуз болгон жан дүйнөбүздүн тазарышына, элибиздин ынтымагын бекемдегенге түрткү болот” деп айтылат маалыматта.

Диний комплекстин курулуш ишинин ачылышына ЖКнын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров, Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабданов, Чүй облусунун казысы Нурлан ажы Танабаев жана казыят кызматкерлери катышышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: