Түркмөнстандан электр энергияны сатып алып, аны Өзбекстандын аймагынан өткөрүүдө тоскоолдук болуп жаткандыгы айтылды



Бүгүн, 27-октябрда “2014-2017-жылдарга электр энергияга болгон орто мөөнөттүү тарифтик саясат” аттуу коомдук угуулардын жүрүшүндө Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплекс боюнча департаментинин башчысы Нурбек Элебаев: “Түркмөнстандан электр энергияны сатып алып, аны Өзбекстандын аймагынан өткөрүүдө тоскоолдук болуп жатат”,- деп билдирди.
Анын билдиришинче, бүгүнкү күнгө чейин өкмөт өкүлдөрү электр энергия сатып алуу боюнча Казакстан жана Түркмөнстанга иш сапарлары менен барып келишти. “Учурда 2,4 миллиард киловатт-саат электр энергиясы жетишсиз болууда. Кыргызстанда 7,4 миллиард киловатт-саат чыгарылса, жалпысынан 9,8 миллиард киловатт-саат керек болууда”,- деди ал.
Мындан тышкары Элебаев Казакстандан электр энергия сатып алуу иш жүзүнө аша турганын жана арзаныраак болорун баса белгиледи.



кайрадан окуп чык. Сатып алып, откоруш кыйын болуп жатат деп жазылып турат. Келер чакта жазылган. Азырынча сатып алына элек.