Электр энергиясы боюнча жаңы тарифтик саясат кабыл алынмайынча бир фазалуу жана үч фазалуу абоненттерди бөлүү менен эски баалар сакталат




Электр энергиясы боюнча жаңы тарифтик саясат кабыл алынмайынча бир фазалуу жана үч фазалуу абоненттерди бөлүү менен эски баалар сакталат. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда “2014-2017-жылдарга электр энергияга болгон орто мөөнөттүү тарифтик
саясат” аттуу коомдук угуулардын жүрүшүндө Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплекс боюнча департаментинин башчысы Нурбек Элебаев билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Анын айтымында, ушул жылдын 1-декабрында жаңы тарифтик саясаттын кабыл алынышы күтүлүүдө. "Ага ылайык, пайдаланылган электр кубаттын 700 киловатт-саатынын ар бир киловатт-сааты 70 тыйындан. Ал эми бул көлөмдөн ашыкча иштетилген киловатт-сааттын баасы 1 сом 20 тыйынга барабар",- деди Элебаев.
Айта кетсек, ушул жылдын 1-сентябрынан тарта бир фазадан алынуучу электр энергиясынын баасы 70 тыйын, үч фазадан алынуучу электр энергиясынын баасы 1 сом 20 тыйын болгон. Мындан тышкары "Түндүк электр" ишканасы 3 фазага туташкан абоненттердин электр энергиясын колдонуу тарифи боюнча түшүндүрмө берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
2

Комментарийлер(3)
Dadin1

27.10.2014. 17:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокой элдин 3-фазасын кыркып,озулоруно келгенде кыркылбасын деп жыйынтык чыгарып койуштубу булар.
Manasasman

27.10.2014. 17:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келген эле бийлик светке асылышат. Ушу энергетиканын азабы менен биринчиси бийликтен кетишип экинчиси бийлике келгенин унутуп калыштыбы. Жузу жок акмак эле экен го...наалат баарына
zman53

27.10.2014. 18:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бут баары бутуп,эми элден алган светтин акчасына жыргашабы?Каалаганынардай бааны койгула,Светти очурбогуло.Бирок муну деле жасай албайсынар го?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.