super.kg logo

Быйыл Борбор Азиядагы археологиялык табылгаларды жыйноо жана сактоо боюнча 8 жылдык долбоор аяктайт

 

Быйыл Кыргызстан жана Япон мамлекеттеринин ортосундагы Борбор Азиядагы археологиялык табылгаларды жыйноо жана сактоо боюнча 8 жылдык долбоор аяктаганы жатат. Бул тууралуу Токио шаарындагы Маданият баалуулуктарын изилдөө улуттук институтунун директору, доктор Масаши Абе “Борбор Азиядагы маданий баалуулуктарды сактоо” деген аталыштагы семинардын ачылышында билдирди. Кыргызстандын жана Япониянын тарыхчылары менен археологдордун бул иш-чарасы КРнын Улуттук илимдер академиясынын чакан залында өткөрүлгөнүн аталган академиядан бүгүн, 27-октябрда билдиришти.

Семинар долбоордун алкагында сегизинчи жолу өткөрүлүүдө. Иш-чарага тарыхчылар, академик Абдыганы Эркебаев, Кыргызстандагы Япониянын толук жана ыйгарымдуу элчиси Такаюки Коикэ, Япониянын окуу жайларынын окутуучулары, музейлердин жаш адистери катышты. Бул семинар музей экспозициясын түзүүгө жана талаа иштери боюнча отчётту даярдоого байланышкан маселелерге арналат. Анын катышуучулары археологиялык экспонаттарды сактоонун усулдары, принциптери менен таанышат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: